Футбол боюнча Азия Кубогуна Кыргыз улуттук курамасынын атаандашы Кытай мелдеште катыша турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу АФКнын маалымат кызматы билдирет.
Кытай курамасында бир дагы чет мамлекетте ойногон оюнчулар жок. Башкы машыктыруучу Марчелло Липпинин шакирттеринин баары Кытайдын Суперлигасында ойношот.
Белгилүү болгондой, Азия Кубогу 2019-жылдын 5-январынан 1-февралына чейин Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Кытай курама командасы "С" тайпасына кирип, Кыргыз өлкөсү, Түштүк Корея жана Филиппин курамалары менен беттешет. Кытай менен Кыргыз курамасынын беттеши 7-январда Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө орун алат.
Буга чейин Азия Кубогуна катыша турган Кыргыз курамасынын жана Түштүк Корея курамасынын тизмеси белгилүү болгон.
Кытай курамасынын тизмеси: