Футбол боюнча Палестина менен Сирия курамаларына каршы жолдоштук беттешке даярдануу максатында 27 футболчу Кыргыз курамына чакырылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы билдирди.
Кыргыз футболчулары Палестина курамасына каршы беттешти 6-сентябрда өткөрүп, 10-сентябрда Сирия курамасына каршы ойнойт. Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин өтө турган беттештерге даярдануу үчүн курамга 27 футболчуну чакырды.
Айта кетсек, аталган беттештер 2019-жылы өтүүчү Азия Кубогуна даярдануу максатында орун алат.
Кыргыз курамга чакырылган футболчулардын тизмеси:
- Дарбазачылар: Валерий Кашуба (“Дордой”), Руслан Амиров (“Алга”), Павел Матяш (“АГМК”, Өзбекстан)
- Коргоочулар: Курсанбек Шератов, Тамирлан Козубаев, Авазбек Откеев, Мустафа Юсупов, Даниэл Тего, Аскарбек Салиев (“Дордой”), Айзар Акматов (“Алга”), Шерзот Шакиров (“Нефтчи”), Бахтияр Дүйшөбеков (“Келантан”, Малайзия), Аманбек Маныбеков ("Абдыш-Ата”);
- Жарым коргоочулар: Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Муролимжон Ахмедов, Фархат Мусабеков, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев (“Дордой”), Одилжон Абдурахманов, Элдияр Сардарбеков (“Алай”), Антон Землянухин (“Илбирс”), Ахлидин Исраилов (клубу жок), Эдгар Бернхардт (“Тыхы”, Польша), Алимардон Шукуров (“Абдыш-Ата”);
- Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев (“Сомаспор”, Түркия), Эрнист Батырканов (“Дордой”).