"5-майга карата президенттен Текебаевге мунапыс жарыяланышын суранабыз". Дал ушундай кайрылуу интернетте тарап жатат

Интернетте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев баш болгон абактагы саясатчыларга 5-май - Конституция күнүнө карата мунапыс жарыялоону президент Сооронбай Жээнбековдон суранган кайрылуу тарап жатат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, 5-майга карата жалган жалаа менен соттолуп, абакта отурган Текебаев баш болгон саясатчыларга мунапыс жарыялап, азаттык берсеңиз эң адилет, калыс жана камкор эл башчы катары тарых барактарына алтын тамга менен жазылып каласыз", - деп жазылат кайрылууда.

Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан