Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камерага кайрадан видеокөзөмөл орнотулду. Бул тууралуу 26-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
"Өмүрбек Текебаев менен бирге отурган адам башка жакка которулуп, ал жалгыз калды. Биздин тартип боюнча адам жалгыз отурбаш керек. Бирок бейтааныш адамды жанына отургузганга караганда камера коюуну туура деп таптык. Биз соттолуучу менен биргеликте ушундай чечимге келдик", - деп SUPER.KG порталына басма сөз кызматы кабарлады.
11-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында аталган кызматтын төрагасынын орун басары Жоробек Дүйшөмбиев Текебаев отурган камеранын ичиндеги видеобайкоо алынганын айткан.
Белгилей кетсек, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду ар бирин 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту, 21-ноябрда Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Текебаев отурган камерага видеокөзөмөл ушул жылдын январь айында орнотулган болчу.