Абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш ишти кароо үчүн Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитети расмий түрдө каттоого алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, эми ишти комитет мүчөлөрү карап чыгып, андан кийин өлкөнүн позициясын сурайт. БУУнун адам укуктары боюнча комитетине мамлекеттин жообу келгенден кийин укуктук клиниканын юристтери өздөрүнүн далилдерин келтиришет. Бирок БУУнун адам укуктары боюнча комитети саясатчыга козголгон кылмыш ишти аз күндүн ичинде карап жиберет деген маалыматтар жок.
Буга чейин Текебаевдин укугун коргой турган "Адилет" укуктук клиникасынын юристтери күчүнө кирген жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекске ылайык, ишти кайра кароо өтүнүчү менен материалдарды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жибергенин кабарлашкан.
Өмүрбек Текебаев "коррупция" боюнча айыпталып, 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жылга эркинен ажыраткан. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырган.