Ай-Данэк Текебаева түрмөдө жаткан атасы Өмүрбек Текебаевди социалдык тармактагы баракчасы аркылуу туулган күнү менен куттуктады.
Айта кетсек, "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев кечээ, 22-декабрда 59 жашка толду.
"Ал менин атам болгонуна тагдырыма жана Кудайга чексиз ыраазымын. Акылман, чынчыл, адилеттүү, ак көңүл адам. Айлана-чөйрөдөгү адамдар мени атам менен салыштырып, сен атаңа окшошсуң деп айтышат. Мен бул үчүн аябай сыймыктанам. Мен атамдай болгум келет, ал сыяктуу өлкөм үчүн өзүмдүн кандайдыр бир салымымды кошкум келет.
Ал менин улуу адамым.
Мен чынчылдык сапатты жакшы өздөштүрө алдым. Бир жолу кичинекей кезимде атамды майда барат бир нерсе үчүн алдап койгом, атам ал тууралуу билип, өтө сабырдуу: "Чындыкты айтуу ар дайым жакшы, биринчиден, калпычы адамды эч ким сыйлабайт, ал эми, экинчиден, бирөөнү алдоо - өзүңдү алдоого барабар, өзүңө ар дайым акыйкат бол!" - деп жеткиликтүү тил менен түшүндүрүп берген.
Ата, сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм!" - деп жазган Текебаева.
Ай-Данэк Өмүрбек Текебаевдин улуу кызы. 1996-жылы 29-июнда төрөлгөн.
Эскерте кетсек, быйыл 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан Өмүрбек Текебаев күчөтүлгөн режимде 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2-октябрда Бишкек шаардык соту 21-ноябрда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. БШК Текебаевди 1-ноябрда мандатынан ажыратуу чечимин кабыл алган.