"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата кылмыш ишинин козголушу боюнча фракциянын расмий билдирүүсү болот", - деп бүгүн, 8-ноябрда SUPER.KG порталына депутат Алтынай Өмүрбекова билдирди.
Анын айтымында, бүгүн фракция Жогорку Кеңештин жыйынында бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайт. "Депутаттар колдоп, комиссия түзүлсө, анын алкагында көз карандысыз экспертизаны өткөрүүнү талап кылабыз", - деди Алтынай Өмүрбекова.
Өмүрбекова билдиргендей, Өмүрбек Бабановдун дарылоо курсу бүткөндөн кийин Кыргыз мамлекетине келет. Ал эми Бабанов кайсы мамлекетте экенин депутат айта албай турганын билдирди.
Азыркы учурда "Республика-Ата Журттун" депутаттары Руслан Казакбаевдин кабинетинде чогулууда. Өмүрбекова депутаттар аталган маселенин негизинде сүйлөшүп жатышкандарын айтты.
Айта кетсек, 4-ноябрда "Республика-Ата Журттун" лидерине карата кылмыш иши "Улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде козголгон. Тергөө иштерин УКМК жүргүзмөкчү.