Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов НТС телеканалынын айланасындагы окуя боюнча социалдык түйүндөгү баракчасына билдирүү жарыялады.
"Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен сотту колдонуп НТС телеканалын тартып алганы жатышат. Кыргыз өлкөсүндөгү соттор эми Максим Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп калганбы? Юридикалык документтер, акыйкаттык куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?" - дейт Бабанов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 19-декабрь күнү саат 17:00 чамасында сот аткаруучулар НТС телеканалынын имаратына милиция кызматкерлеринин коштоосунда кирип барышкан. Сот аткаруучулар каналдын мүлктөрүн камакка алуу боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун чечимин көрсөтүшкөн.
Айта кетсек, НТС телеканалы депутат Өмүрбек Бабановго таандык делет. Ушул жылдын 4-ноябрь күнү Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" жана "Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөө иштерин жүргүзүү УКМКга жүктөлгөн.
2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин Өмүрбек Бабанов өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Айрым маалыматтарга караганда, анын Орусияда дарыланып жатканы айтылат.