Талас облусунун Кара-Буура районунда жол кырсыгы катталып, бир аял жана эки жаштагы кыз каза болду. Кырсык 2-январь күнү саат 13:30 чамаларында Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 46-чакырымында болгонун SUPER.KG'ге облустагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспектору Сабит Оморбеков кабарлады.
Анын айтымында, Т.Ж. аттуу айдоочу Hоnda CR-V унаасы менен баратып рулду башкара албай Мазда унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Hоnda CR-V унаасында бараткан 34 жаштагы аял жана айдоочунун эки жаштагы кызы каза болуп калган. Ал эми айдоочу алган жаракаттарынан улам райондук ооруканага жеткирилген.