Бишкектин Байтик баатыр жана Кулатов көчөсүндө жол кырсыгы болгонун бүгүн эртең менен күбө кабарлаган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул маалыматты тастыктап, буларды билдирди.
Анда жолдо кетип бара жаткан аял тайгаланып жыгылып, Мерседес-Бенц унаасынын дөңгөлөгүнүн алдына кулап түшкөн.
"Аталган көчөдө жогору карай аял киши бара жатып, тайгаланып маршруттук таксинин дөңгөлөгүнүн алдына жыгылган. Ал эми айдоочу байкабай, аны тебелеп кеткен. Аял киши окуя болгон жерден каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум 45-50 жаштар чамасында. Ал эми маршруттук таксинин айдоочусу 42 жаштагы А.Э. аттуу айдоочу болгон. Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер аткарылууда", - деди басма сөз кызматынан.