Чүй облусунун Сокулук районунда кичи автобус жөө адамды сүзүп кетти. Маалыматты Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы SUPER.KG'ге тастыктады. Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, жөө жүрүүчү кырсык болгон жерден каза болуп калган.
"Окуя бүгүн, 16-январда саат 08:30 чамасында орун алган. Анда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу Сокулуктун борбордук бөлүгүндөгү жолду кесип өтүп бара жаткан жөө адамды сүзүп алган. Кырсыкка кабылган жаран ошол жерден каза болуп калды. Ал эми айдоочу 1966-жылы туулган жаран боюнча тиешелүү документтер топтолууда. Каза болгон жаран аймактык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилди", - деп билдирди маалымат катчы.