Кыргыз милициясына даңк! "Көчөдө түкүрдү" делген адам боюнча милициянын версиясы

Буга чейин интернетке милиция кызматкерлери "көчөдө түкүрдү" делген кишини кармап алып, аны ары-бери сүйрөгөнү тартылган видео интернетке тарап, кызуу талкууга алынган. Бүгүн, 7-январда Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы SUPER.KG'ге окуянын чоо-жайын түшүндүрүп берди. Маалым болгондой, видеодогу жагдай Ош облусунун аймагында болгон.

"Милиция кызматкерлери ал адамды түкүргөндүгү үчүн эмес, өрт коопсуздугу жаралуучу жерде тамеки чегип жаткандыгы үчүн милиция пунктуна алып бараткан. Бирок достору түшүнбөстүктөн улам тоскоолдук кылышкан жана видеого тартып, туура эмес маалымат таркатышкан. Ал адам эскертүү документине кол койгон соң үйүнө коё берилген", - деп билдиришти облустук милициядан.

Талкуу болуп жаткан видеодо милиция жулкулдатып сүйрөп бараткан адамга жардам берүү максатында ортого анын аялы жана башка жарандар түшкөнүн көрүүгө болот. Алар кечирим сурашканын жана жаңы мыйзамдар тууралуу маалыматтары болгон эместигин айтып жатышат. Арасынан бири түшүндүрбөстөн туруп дароо эле милиция бөлүмүнө сүйрөп жөнөгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазарын айтып жатканын угууга болот.

Эске салсак, 1-январда эреже бузуу жөнүндө кодекс ишке кирген. Анда коомдук жайларда түкүргөндөргө 5 500 сом айып пул салуу каралган.

Бишкекте жигит Ак Үйгө түкүрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
anash
2019-01-07 13:28:43
Биринчи тукротурган урна койгула анан закон менен иш алып баргыла
+19
Janybekleilekkg
2019-01-07 14:38:09
Тукургон жеринде эле протокол толтуруп, колуна квитанциясын берип, банкка барып толоп коюнуз сиз законду бузуп жатасыз деп сылык суйлоп иштегиле деген тартип киргизиш керек милицияга азыр 21-кылым.Малдай кылып суйроп отделенияга алып бара берсенер,бир кишиге 2 милиция бир машина убара,канча убакыт канча нерв канча бензин коротуп жатасынар же милициянын тукургондорду андыгандан башка жумушу жокпу
+10
XOWO
2019-01-07 15:43:42
план толтурганда жакшы экен да Эшматов Ташмат 158 адамды түкүргөн жеринен пайлап жүрүп кармады күжүрмөн эмгектенди деп
+4
Rystambekkg
2019-01-08 08:12:08
Ушул Штарафтарды чыгарарда ойлонушса болмок Элдин чонтогуно карап чыгарыш керек болчу баалары асман чапчыйт кантип элдин Канын соруштун жолун ойлоп табылган программа болуп калды
ГАИ менен Милицииялардын Ставкасын жогорулатып берди. Бул Окмот Башчы Кантип Иштешин билбейт экен Кетсин
+2
Asyl10
2019-01-08 18:40:15
Rystambekkg, Окмот башчы иштешти билет деп умут кылып журдун беле тууганым, мурда да иштеген эмес, азыр да иштебейт. Абсурдный эреже, асмандагы штрафтары менен элдин кыжырын гана кайнатып, нааразычылык,анан ХХХХХ алып келет. Кытайдагы кыргыздардын маселесин, кыргызстандагы кытайлар, Кытайдан алган карыздардан кутулуу жолун ойлобой эмне кылып отурушат тушунуксуз.Эртен Кытай карызын талап кылып,толобосок жерлерибизди тартып алышат. ХХХХХ
0
Asyl10
2019-01-08 18:30:36
Милициялар эми кылмыш менен курошпой эле тукурук пайлап калышат экен да :-). Ички иштер министрлиги эми атайын тукургондор менен курошуучу ТУКУРУК полициясын ачып, штатты кобойткуло. Атайын "тукурук" операциясын жургузгуло, штрафтар тез чогулуп, Кытайга тезирээк жонотуп,карыздан кутулалы эртерээк. "Коп тукурсо,кол болот"- дейт, копчулук болуп тез-тез тукуруп кол кылып, штрафтарды жыйып,батыраак казынаны толтуралы туугандар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан