Жумгалда мүз үстүндөгү карды күрөп жатып сууга чөгүп кеткен техника иштеди

Жумгал районунун Чаек айылындагы муздун үстүндөгү карды күрөө үчүн барып, сууга чөгүп кеткен трактор техникалык кароодон өтүп, ишке берилди. Мындай маалыматты Чаек айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Айгүл Токтоналиева билдирди. Буга чейин белгилүү болгондой, суудан чыгарылган техниканы айыл өкмөт кампага киргизип, от жагып жылытып жатышкан.

"Трактор толугу менен техникалык кароодон өттү. Адистер анын ичиндеги майдын баарын алмаштырып, от алдырса эле иштеп кетти. Техника менен учурда таштанды чыгаруу иштери аткарылып жатат. Тиешелүү жактарга анын учурдагы техникалык абалы тууралуу маалыматтар берилди", - деди Токтоналиева.

Айыл өкмөттүн милдетин аткаруучунун айтымында прокуратура техника тууралуу маалыматтарды алган. Териштирүү иштери аяктаган. Эскерте кетсек, бул боюнча прокуратура иш алып барып, тиешелүү адамдар суралган.

2018-жылдын 23-декабрь күнү Чаек айылынын Шортон тилкесинде МТЗ-89 үлгүсүндөгү трактордун айдоочусу муз аянтчасынын карын сүрүп жаткан учурда муз жарылып, трактор жарымына чейин сууга түшүп кеткен. 27-декабрь күнү тракторду суудан чыгарып алышкан. Техника Чаек айылына өткөн жылдын ноябрь айында грант аркылуу алынып, баасы 2 жарым миллион сом болгон.

Жумгалда муз жарылып сууга түшүп кеткен техника иштеди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2019-01-08 12:41:13
Бул трактор Беларусь го, ал иномарка Амкодор эле го.
+1
Aikaaaa
2019-01-08 13:22:07
Жакшы болуптур. Байкуш трактордун көрбөгөнү көр болду
-1
Dembele84
2019-01-08 13:24:46
Эми бузулбай иштеп берсин эми,а то шалаакылардын айынан эмне гана болбоду бул трактор...
0
titanik32
2019-01-08 14:36:06
Бечара трактор эмне күндү кана көрбөдү.Суука тоңдү сууга түшүп кетти кийин от жагып куйкалашты.Ушундай азапка салбай эле айдап иштетсеңер болот го.Бечара тынч аман болсун трактор.
+2
Boha1
2019-01-08 17:22:05
Чаектик туугандар эми жакшы иштеткиле. Эми дагы хоккейдин карын тазалайбыз деп байкуш тракторду кордобой.
+1
Baatirbek81
2019-01-09 00:08:16
Бул трактырга баатыр деген наам бериш керек'эксвокодор'деген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан