1-январдан тартып Административдик кодекске 2017-жылы киргизилген өзгөрүүлөр күчүнө кирди. Ага ылайык, жол эрежелерин бузгандар, коомдук жайлардагы эреже бузуулар үчүн төлөнүүчү айып пулдун өлчөмү көбөйтүлдү. Эреже бузуулардын катарындагы түкүрүү үчүн 5500 сом айып салынышы эл арасында какшык аралаш нааразычылык жаратты.
Мас абалында унаа башкаргандарга 17 500 сом, 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочуларга 7500 сом, мас абалындагы адамга унаасын бергендерге 15 000 сом. Жол эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдардын көп болушу коррупцияга жол ачат дегендер жок эмес.
Мыйзам ишке киргени менен, анын иштөө механизми түшүндүрүлгөн жок жана бул жаатта иш системдик түрдө аткарылабы-жокпу белгисиз. Өлкөдө элдин өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөөдөн мурун коррупция, балдарга карата зомбулук өңдүү орчундуу көйгөйлөр бар экени белгилүү.
Коомчулукта орун алган талкууларга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупцияны жоюу боюнча комплекстүү иштерди аткарбастан эле айып пулдарды өстүрүп салды. Мындай кадамдар элдин нааразычылык толкунун жаратышы мүмкүнбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров жооп берди.

Эл өкүлү бул мыйзам долбоору өкмөт тарабынан сунушталганын белгиледи.
“Бул мыйзам долбоору бардык мыйзам чыгаруу процедураларынан өткөн. Коомдук талкуу, коомдук угуулар болгон. Мындайча айтканда, кандайдыр бир кайчы пикирлер болгон болсо ошол учурда айтылышы керек болчу. Мыйзам күчүнө киргенден кийин ар кандай пикирлер айтылып жатат.
Бизде реалдуу абалды карашыбыз керек. Коомчулукта тазалык, тартип, маданият болсо, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым болот. Мүмкүн, орточо эмгек акыга же жашоо минимумун салыштырганда айып пулдун көлөмү көбүрөөк. Биринчи эскертүү, андан кийин минималдык айып пул, кийинкиси катуураак жаза деген жол менен кетсек кодекс иштеп кетмек.
Бул кодексти колдойм. Бирок айып пулдардын көлөмү боюнча маселе бар экендигин депутат катары айтып кете алам. Менин оюмча, Жогорку Кеңеште жумуш күндөрү башталганда маселе талкууга алынып, кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк болот”, - дейт Бакиров.
Жогорку Кеңештин экс-депутаттары
Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, саясат таануучу
Даниел Кадырбеков, укук коргоочулар
Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, жарандык активист
Адил Турдукулов, "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору
Тимур Шайхутдиновдун жообу бул
шилтемеде.