super.kg logo

Кум-Бел көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү

 

Кум-Бел көмүр кениндеги абалды изилдөө боюнча мекемелер аралык жумушчу комиссия түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, жумушчу комиссиясына Транспорт жана жолдор министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы, Өкмөттүн Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү кирген.

"Учурда Өзгөн жана Сузак райондук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү тарабынан Кум-Бел көмүр кенинде түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Суунун белгилүү нормаларга ылайык келүүсүн аныктоо үчүн тийиштүү үлгүлөр алынды. Мекемелер аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгы боюнча Кум-Бел көмүр кенинин мындан аркы иши, аны иштетүү боюнча тиешелүү сунуштар киргизилет", - деп билдирет өкмөттүн басма сөз кызматы.

"ЭЛДИК КАБАРга" байланышкан окурман Кум-Бел көмүр казуучу кенинен ыплас, ыш аралашкан суу агып чыгып, Зергер суусуна кошулуп жатканын кабарлаган эле. Ал "Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Байылдын эли ушул суудан ичет. Сууга кошулуп жаткан ылай суу жаман заттар менен ичүүчү сууну булгап жатат. Ушул маселеге жогору жактан көңүл бурулушун талап кылабыз", - деген.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.01.2019. 01:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
94
Катталган:
12-04-2018
Соӊку аракети:
19-01-2019 17:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жер шаары
0
Алтыныбызды,жерибизди саттынар! Салыкты олчойтуп салдыңар! Жок дегенде ушул кылымдардан бери агып жаткан ичээр суубузду булгатпагылачы!!! Жепжутарлар! Намысы жоктор! Эх Кыргызым кандай күнгө туш келдиң? 1000 үчүн өз келечегинерди 5 жылга саттынар эле,эми эмне болдуңар? Эмне болду??? Ойлонгулачы,ойлонолучу!!! Бир жагыбыздан кытай,экинчи жагыбыздан карызыбыз көбөйүп баратат! Эх! 120 д кайсыл жакты карап олтурат түшүнбөйм! Президентке сөз жок! Премьер министрге да ылайыктуу сөз жок! Намыссыздар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
120965;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: