Баткен райондук соту облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Мелис Калыковдун арызын анын катышуусу жок кароодо. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 15-январда Калыковдун бир тууганы Дариха Калыкова кабарлады. Анын айтымында, Калыковдун жактоочусу аны кармоо мыйзамсыз болгонун жүйө келтирип сотко арыз жазып, ал каралып баштаган.
"Иним Мелис Калыков кармалганда милиция тарабынан кыйноого кабылган жана жактоочу жок суракка алынган. Ошондон улам доо арыз менен райондук сотко кайрылганбыз. Бүгүн экинчи сот отуруму болмок. Бирок арызды карап жаткан сот Расул Оморов Жогорку Соттун төрайымы Баткенге келиптир деп отурумду жылдырып койду. Эң өкүнүчтүүсү отурум инимдин катышуусу жок өтүп жатат. Оморовго кайрылсак, ал Калыковду Оштон чакыруу үчүн токтом чыгарууга убактысы жок экенин айтып жатат. Арыз ээси жок сот кантип өтсүн?! Иним "мени чакыргыла, айтып берейин" деп жатат. Судья токтомду бүгүн жазып коюп деле эртең алдырып келип караса болот да", - деди Калыкова.
Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун киши колдуу каза болгон жансыз денеси өткөн жылдын 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен шаарындагы Таңги-Өтөк участкасынан табылган. Кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.