Башкы прокуратура киши колдуу болгон прокурор Мамажакыповдун өлүмүнүн себебин айтты

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 17-ноябрь күнү облустук прокуратуранын кызмат адамдары жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков менен аңчылыкка чыккан учурда киши колдуу каза болгон. Шектүү катары Мелис Калыков кармалып камакка алынган.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев 29-ноябрда өткөргөн маалымат жыйынында шектүүнүн көрсөтмөсүнө таянып Мамажакыповдун өлүмүнүн себебин айтты. Анын айтымында, облустук прокуратура тарабынан Мелис Калыков жетектеген башкармалыктын ишмердүүлүгү эки жыл бою текшерилип келген.

"Калыков көрсөтмө берип жатып, кылмыштын себебин билдирди. Анын айтымында, облустук прокуратура тарабынан башкармалыктын ишмердүүлүгү акыркы эки жылда тынымсыз текшерилип, прокурор Мамажакыпов тарабынан коркутуулар болгон. Ошондуктан экөөнүн ортосундагы мушташка ушул нерсе себеп болгон деп жатабыз. Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгында мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголгон", - деди Бейшекеев.

Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2018-11-29 16:06:19
Капиталдык курулушту жеп тоюп алып анан мени текшерген учун олтурдум дегени кандай? Озун да жеп ичип тойгону учун атыш керек ошондо билет озу да, жакындары да. Оч деген бар кыргызда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан