Кечээ, 17-январда митинг учурунда милиция NEXT TV компаниясынын журналистине кызматтык өз милдетин аткарууга тоскоолдук жаратып, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеди. Тикелей кызматтык милдетин аткарып жаткан журналисттерди байлап кетүү, сүйрөп кетүү жарабайт!
Ушуга байланыштуу "Супер Инфо" гезитинин, SUPER TV жана SUPER.KG маалымат порталынын журналисттери, операторлору бүгүн саат 10:00дөн 11:00гө чейин Бишкек ШИИБинин алдына "МЕН МИЛИЦИЯНЫН ЗӨӨКҮРЛҮГҮНӨ МАКУЛ ЭМЕСМИН!" деген ураан менен пикетке чыгат.