Конституция эки тилде Брайль тамгасы менен басылып чыгып, нускалары Жогорку Кеңеш менен университетке өткөрүлүп берилди

Кыргыз Республикасынын Конституциясы кыргыз жана орус тилинде Брайль тамгасы менен басылып чыкты. Жалпы 20 нуска менен чыгып, анын эки нускасы Жогорку Кеңештин илим-изилдөө борборуна, эки нускасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин илимий китепканасына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Борбордук шайлоо комиссиясы бул нускаларды эми бардык аймактардагы жогорку окуу жайлардын китепканаларына таратат.

Басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, көрүүсү жагынан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жарандардын укуктук маданиятын, сабаттуулугун жакшыртуу боюнча дагы башка колдонмолор, маалыматтык материалдар чыгарылып жарандарга таратылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Appasition
2019-01-20 13:45:20
Емне деп жазылып турат ошондо
-3
nurda00
2019-01-20 14:56:48
Кантип окуп, кантип тушунобуз?
-3
aibars
2019-01-20 16:01:38
nurda00, Бул кадимки эле конституция, болгону козунун коруусу начар адамдар колу менен кармалап окуй алышат.
+5
nurda00
2019-01-23 11:00:54
aibars, козунун корусу начар адамдар учуе деп каерде жазылып турат?
0
Mamiev
2019-01-20 17:11:26
Эмне үчүн орус тилинде чыгарат. Орустар кыргыз же болбосо англис тилинде чыгарбайт го. Мамлекеттик иш казаздардын 90 пайызы орус тилинде. Эмне өзүбүздүн тилди эч ким тушунбойбу. Качан онугот кыргыз тили
+4
Alinur96kg
2019-01-21 14:05:57
Конституциябыз жоголуп кетти эле го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан