Бажы кызматы тарабынан 227 780 сом өлчөмүндөгү аткезчилик фактысы катталды

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ААК тарабынан ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныктады. Маалыматты Бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

"ЕАЭБдин Бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери ААК тарабынан туура эмес тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасынын кодун колдонуу менен ири өлчөмдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн баш тартуу фактысын аныкташты. Бул факт боюнча төлөнбөй калган бажы алымынын жалпы суммасы 227 780 сомду түзөт", - деп билдирет маалымат катчылыгы.

Бул факт боюнча чогултулган материал мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан