Орусияда маршруттук такси айдаган Кыргыз жараны 17 жашар кызды сүзүп алды

19-январда Орусиянын Тверь шаарында маршруттук такси айдаган Кыргыз жараны 17 жаштагы кызды сүзүп алды. Мындай маалыматты Тверь шаардык жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Окуя өткөн аптанын ишемби күнү Капошвара аянтында катталган. Жергиликтүү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын билдиргенине караганда, окуя Жеңиш кең көчөсүндө орун алган.

"№208 каттамындагы маршруттук таксини Кыргыз жараны айдап бараткан. Ал Волоколамск кең көчөсүнөн бурула бериште жөө адамдар өтүүчү өтмөктө кетип бараткан кызды сүзүп алган", - деп жазат басма сөз каражаттары.

Белгилүү болгондой, кыз жеңил жаракат алган. Ал эми кырсыктын келип чыгышына жол чырактын жоктугу себеп болгон. Ошол учурда Жол жээгинде жайгашкан имараттын чатырынан түшкөн кар жол чыракты талкалап кетип, ал оңдолбогон абалда турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан