Парламент комитетинде кайрак жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору жактырылды

Бүгүн, 21-январда парламент комитетинде кайрак жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат берүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Депутат Айтмамат Назаров билдиргендей, алгач мыйзам долбоору сугат айдоо жерлеринин бонитети кырктан төмөн болгон тилкелерге бак-дарак тигүүгө уруксат берүү максатында даярдалган. "Ал эми азыркы бириктирилген долбоордо коңшу жер ээсинин макулдугу менен үлүш жерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү каралууда. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бак-дарак тигүү боюнча жарандардан кайрылуу келсе ал маселе боюнча Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги саясат жүргүзөрү долбоордо белгиленген. Ошону менен катар бак-дарактарды кайрак, таштак жерлерге отургузууга басым жасоо сунушталып жатат. Мындан сырткары бул жерлерге болгон салык төлөмү өзгөрүүсүз калууда", - дейт депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан