Боливияда футболчуларды алып кетип бараткан автобус жардан кулап кетип, 13 киши каза болду

Боливиянын түндүгүндө 100 метрлик жардан жүргүнчүлөрү менен бараткан автобус кулап кетип, 13 адам каза болду. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазууда. Кырсыктын кесепетинен дагы 26 адам жаракат алган.
"Кырсык жекшемби күнү орун алган. Тариха жана Потоси шаарларын бириктирген магистралда жол кырсыгы катталып, автобус 100 метр бийиктиктен ылдый кулаган. Автобустун ичинде Аргентинанын "Cicles Club Lavalle" футболдук клубунун оюнчулары да болгон. Каза болгон 13 кишинин арасында 4 футболчу да бар. Ошондой эле 7 футболчу жаракат алгандардын катарында", - деп жазылат маалыматтарда.
Алдын ала белгилүү болгондой, автобустун тормозу кармабай калып, жардан кулап кеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан