Астротөлгө: 22-январь күнү төрөлгөндөрдү акча жаатында ийгиликтер коштоп жүрөт

22-январь күнү төрөлгөндөр "жашоодо баары болот" деген ураан менен жашашат. Таланттуу, өзгөчө нерселерди жасоону, жашоого өзгөртүү киргизип турууну каалашат. Өтө аракетчил, максатына жетүү үчүн кандай кыйынчылык болсо да жеңишет. Жумушта өзүн-өзү сыноо менен иштеп, ар дайым элдин алды болууга аракет кылышат. Бул күнү төрөлгөн адамдарды акча жаатында да ийгиликтер коштоп жүрөт, ошондуктан өзүн жана жакындары жакшы жашоо менен камсыз кылат.

Сүйүү жаатында сезимдерин жашыра алышпайт. Ошондуктан сезимин козгоп, түшүнүп, колдоп кете турган адамды жолуктурса үй-бүлөлүк жашоону пландап жатканын ачыкташат. Мындай адамдардан мыкты түгөй, камкор ата-эне чыгат.

Белгилүүлөрдүн ичинен Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина, англиялык акын-романтик Лорд Жон Байрон, орусиялык актёр Леонид Ярмольник, орусиялык футболчу Евгений Алдонин жана француз теннисчиси Ализе Корне ушул күнү төрөлгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан