23-июль күнү достукка бекем, оптимист арстандар төрөлөт. Бул күнү жарыкка келген адамдар аябай шайыр, достукту баалаган, берешен болушат. Андыктан булар менен дос болуудан коркпой эле койсоңуз болот.
Жеке мамиледе абдан туруктуу келет. Эгер сиз бактылуу болом десеңиз ушул күнү төрөлгөн адамдар менен мамиле курсаңыз сөзсүз бактылуу болосуз. Булар жакын адамдарына жан дүйнөсүн ачып ушундай бир жылуулук тартуулашат.
Ушул күнү жарыкка келген арстандар кандай жумуш болсо да иштеп кете алат. Булардан көбүнчө билимге ыктаган адамдар ийгилик жарата алышат. Бул күнү төрөлгөндөр юрист, медицина тармагында иштесе жаңылышпайт.