Бул күнү таланты, жөндөмдүүлүгү менен бардык бийиктиктерди багынта алган ийгиликтүү эгиздер төрөлөт. Интеллекти жогору, эмоцианалдуу болушат. Алар аябай сезимтал келип, бардык нерсеге сүйүү менен мамиле кылат.
Өздөрүнө болгон ишеними жогору. Ошондуктан акчадан акча жасай алгандан коркпойт. Мындан улам материалдык жактан тартыштык жаралбайт. Финансы жаатында мыкты ишкерлер боло аларын айта кетпесек болбойт. Көңүлү сүйгөн ишине бардык күчүн, убактысын, өзүн толугу менен арнап салмай жайы бар. Бирок жакындарына дагы көңүл буруп, камкордук кылганды эстен чыгарбаганы оң.
Акылдуулугу, чечкиндүүлүгү суктанууну жаратпай койбойт. Бирок талапты катуу койгондугу менен айланасындагылардын айласын кетирет.
Ушул күнү төрөлгөн эгиздер өздөрүн сымбаттуумун деп эсептейт. Ошондуктан сырткы келбетине аябай көңүл бөлөт. Тагыраагы, имиджин өзгөртүп, баалуу буюмдарды колдонууда эч нерсесин аябайт.