22-январга караган түнү Азия Кубогунун жарым чейрек финалынын алкагында Кыргыз улуттук курама командасы менен БАЭ курамасынын ортосунда беттеш орун алды. Кыргыз футболчуларына күйөрмандык кылгандар Бишкекте беттешке түз эфир аркылуу күбө болушту.
Күндүн суугуна карабай Кыргыз футболчуларын колдоп келгендердин саны арбын болду. Алар Кыргыз курамасы - "Ак шумкарлар" менен кошо оюн талаасында жүргөндөй ар бир футболчуну алга сүрөп турушту. Ачык асман алдында футболдук беттешти көргөндөрдүн жүзүнөн сыймыктанууну көрүүгө болот.
Беттеш 2:3 эсеби менен аяктады.