Биз социалдык тармакта

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасы БАЭде машыгууларды өткөрдү

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Бириккен Араб Эмираттарында алгачкы машыгуусун өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, БАЭде 5-январда старт ала турган Азия Кубогунун алдында Кыргыз улуттук курамасы Аль-Айн шаарында машыгууларды өткөрдү. 2-машыгуусун Кыргыз футболчулар бүгүн, 4-январда өткөрөт.

Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогунда "С" тайпасына туш келип, Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет. Алгачкы беттешти Кыргыз курамасы Кытайга каршы 7-январда өткөрсө, 11-январда Түштүк Корея менен жана 16-январда Филиппин менен ойнойт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bek_tash
2019-01-04 15:37:30
Жакшылап гусул алып чыккылачы оюнга
+6
Nuryk00
2019-01-04 16:00:36
Кыйын группага туш келди биз Шумкарлар! Бирок биз ар дайым силер мененбиз, башты бийик которуп коркпой ойногула!!!
+2
FCB14
2019-01-04 17:40:22
Тарыхты озгорткулочу шумкарлар ийгилик
+5
Kristianuronaldu
2019-01-04 20:31:08
Утсанар да утулсанар да тарыхта каласынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан