Бүгүн, 20-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалдык баскычы старт алды. Анда Дубай шаарында Иордания менен Вьетнам курама командалары кез келди.
"Аль-Мактум" стадионунда орун алган беттештин негизги убактысы 1:1 эсебинде жыйынтыкталып, командалар пенальти сериясын аткарышты. Анда пенальти тебүүдө Вьетнам курама командасы мыктыраак болуп, 4:2 эсебинде жеңишти камсыздады. Бул жеңиши менен Вьетнам курамасы Азия Кубогунун чейрек финалына жолдомо алса, Иордания мелдештен четтетилди.
Белгилүү болгондой, эртең, 21-январда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы жарым чейрек финалдын алкагында БАЭ менен беттешет. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө башталат.