Азия Кубогу: Мелдештен четтетилген алгачкы команда белгилүү болду

13-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун тайпалык баскычындагы акыркы тур башталды. Анда "А" тайпасындагы командалардын беттеши орун алды.

Аль-Айн шаарындагы "Хазза бин Зайед" стадионунда БАЭ курама командасы Таиланд менен беттешсе, "Шаржа" стадионунда Бахрейн менен Индия курама командалары кездешти.

Бириккен Араб Эмираттары-Таиланд беттеши 1:1 эсепте аяктаса, Бахрейн курама командасы Индияны 1:0 эсеби менен утуп алды.

Бул жыйынтык аркылуу БАЭ 5 упай менен 1-орунда, Бахрейн курамасы 4 упай менен 2-орунда жана Таиланд курамасы 4 упай менен 3-орунда Азия Кубогунун жарым чейрек финалына чыкса, Индия курама командасы 3 упай менен мелдештен четтеп калды.

Белгилүү болгондой, футбол боюнча Азия Кубогу 5-январда БАЭ-Бахрейн курамаларынын беттеши менен башталган. Бул мелдеште Кыргыз улуттук курама командасы дагы күч сынашууда. Кыргыз курамасы 2 турда Кытай жана Түштүк Корея курама командаларына утулуп, 3-турда Филиппин курамасы менен беттешет.

Эгерде Кыргыз улуттук курама командасы тайпалык баскычтын акыркы оюнунда Филиппинди жеңсе, плей-офф баскычына өтүүгө мүмкүнчүгү бар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TalaCSKA
2019-01-15 01:27:04
Сооп болот Индияга убакытты чойбой нормально ойнош керек болчу
+4
Kristianuronaldu
2019-01-15 09:54:52
Бахрейн олкосунун пешенеси бар екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан