Талас шаарында кудук казып жаткан 42 жаштагы А.Н. аттуу жаран топурак алдында калып каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, кырсык 21-январь күнү саат 11:31 чамасында А.Огомбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйлөрдүн биринин короосунда болгон.
ӨКМнын куткаруучулары кырсык болгон жерге барып маркумдун жансыз денесин чуңкурдан казып чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен.