Москвада мекендештерине жасалма билет сатууга шектелген Кыргыз өлкөсүнүн жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Москва-Бишкек, Москва-Ош жана кайра Москвага кайтуу үчүн авиакаттамдары боюнча жасалма авиабилеттерин Москва шаарынын метросунун "Добрынинская" станциясындагы Большая Ордынка көчөсүндө жайгашкан авиакассалардан сатуу учурлары көбөйгөн.
"ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн Орусиянын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн иш-чараларынын натыйжасында 21-январында алдамчылык боюнча кылмышка шектүү адам кармалган. Ал 23 жаштагы Кыргыз жараны болуп чыкты. Ага карата Москва шаарынын Замоскворечье району боюнча жабыркаган Кыргыз өлкөсүнүн 23 жаранынан арыз түшкөн. Азыркы кезде аталган факты боюнча козголгон иштин алкагында тергөө иштери жүрүүдө. Элчилик Орусиянын компетенттүү органдары менен биргеликте мындай алдамчылык иштерге тиешелүү жарандарды иликтеп, табуу боюнча, ыкчам аракеттерди көрүүдө жана ушуга окшош алдамчылык иштерге кабылып, жабыр тарткан жарандарды тиешелүү органдарга кайрылууга чакырат. Ошону менен бирге элчилик жарандарга авиабилет сатып алууда ортомчуларга кайрылбастан атайын авиакассалардан алуу менен, сатып алууда тийиштүү чек-талондорду талап кылууну дагы бир ирет сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.