Бишкекте "дарыгерлерден акча талап кылды" деп кылмыш иши козголуп, кызматтан алынган №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору 1 жылдык соттук териштирүүлөрдөн кийин акталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-январда SUPER.KG порталына Айдарбек Шакиров менен байланышканыбызда билдирди.
Бишкек шаарындагы №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 17 кызматкери "ай сайын 20 миң сомдон чогултат" деп мурунку башчыны айыптап, аны кызматтан бошотуу талабы менен митингге чыгышкан. Анда митинг уюштурган дарыгер Элвира Чудубаева (ред. бала сатууга шектелип кармалган гинеколог) Шакиров дарыгерлерге жаман мамиле кылат деп айткан.
"Менин күнөөм далилденбегенине байланыштуу сот мени актады. Мындай өкүм 2018-жылдын 28-декабрь күнү чыгарылды. Мага карата кылмыш иши 2017-жылдын 29-декабрында козголгон. Менин күнөөм жок экени аныктала баштаганда үстүмдөн Саламаттыкты сактоо министрлигине, прокуратурага, Жогорку Кеңешке арыз менен кайрылган арыздануучулар судьяга ишенбестик көрсөтүп, судьяны алмаштырууну да талап кылышты.
Негизи бир топ мекемелерге үстүмдөн арызданып, мага кылмыш ишин козготуп, жумуштан алдырган 17 гинеколог болду. Аларга дагы башка кызматкерлер кошулуп саны 21ге жеткен. Мен бул үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна башчы болуп келгенден кийин, ага чейин жасалып келген мыйзамсыз иштердин баарын токтотуу аракетин көргөм. Мындай жол менен мен алардын кирешелүү булактарын бууп баштагам. 132 киши "бизден эч нерсе талап кылган эмес" деп тиешелүү мекемелерге кат жолдошкон. Бирок кийин анын арасынан 10 чакты киши эле суракка чакырылган. Соттук отурумдар ар кайсы шылтоолор менен жылып жүрүп бир жылга чейин созулду", - дейт Шакиров.