23-январда Йемен өлкөсүнүн борбору Санада эки жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жызып чыкты.
Белгилүү болгондой, биринчи жарылуу борбор калаанын түштүк тарабындагы Таиз көчөлөрүндө жайгашкан курал-жарак сакталган кампада операция жүрүп жаткан учурда жарылса, экинчи жарылуу Сананын түштүк тарабындагы Yemen Petroleum компаниясынын маңдайында жайгашкан курал-жарак жана ракета сакталган кампадан чыкканы айтылууда.
Бактыга жараша, бул кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Йемендеги куралдуу чыр-чатак 2014-жылдан бери уланып келет. Өткөн жылы Швецияда Йемендеги жагдайды чечүү максатында сүйлөшүүлөр болуп өткөн. Кийинчерээк жогорудагы сүйлөшүүлөрдөн соң декабрдын аягында, конфликт болгон тараптар Кызыл деңиздеги Ходейда портун өкмөт башчыларына кайтарып беришкен.