Татарстандык ырчы концерт учурунда жүрөк оорусу кармап каза болду

Татарстандык Фания Халиуллова аттуу белгилүү ырчы концерт учурунда жүрөк оорусу кармап каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-январда Ульянов облусундагы Димитровград шаарында болгон. Анда 53 жаштагы ырчынын концерти жаңы башталып, ал экинчи ырын аткарып жаткан болчу. Бир маалда ырчы эс-учун жоготуп, сахнадан кулап түшкөн. Дароо "Тез жардам" кызматы чакырылган, бирок ырчы көрсөтүлгөн медициналык жардамга карабастан жан берген.

Концертке келгендердин көбү ырчыны сыртка алып чыгып бараткан учурда ал кырылдап, кыйналып жатканын жазып чыгышкан. Кийин дарыгерлер ырчы инсульттан улам көз жумганын айтышкан.

Халиуллова Татарстанда "Карлыгач" жана "Негасимые звёзды" аталыштагы коллективдердин жетекчиси жана вокалдан сабак берип келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Umakg
2019-01-24 09:36:01
Олум айтырбай келет чындык нерсе башка нерсе козун учун бар эртен жок нерсе
+8
Benazir08
2019-01-24 11:11:22
Жайы жаннаттан болсун. Ээх талаалабай кыргыз элдин алдында оз мекенибизде журуп отолу. Качан кетет экенбиз
+5
bond02
2019-01-24 13:05:45
Benazir08,ден соолугун начарлап жатабы?
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан