Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору Болотбек Осмонов жумуштан алынды делген маалыматтар айтылууда. Буга байланыштуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловго байланышканыбызда ал бул маалыматты тастыктаган жок. Анын айтымында, Осмонов учурда өз ордунда эле иштеп жатат.
19-январь күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Dota 2 компьютердик оюну боюнча турнир өткөн. Компьютердик оюндун маданий жайда өткөнүнө көпчүлүк эл нааразы болуп, сын айтып чыгышкан.
Буга байланыштуу министр атайын комиссия түзүп, анда Опера жана балет театрынын жетекчисинин жоопкерчилиги карала турганын айткан.