Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев төө буурчак үрөн чарбасы качан ачыла турганын сурады. Жыйында үрөн тууралуу мыйзам долбоору каралып жатат.
"Бул мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатканда төө буурчак үрөн чарбасын ачуу боюнча сунуш бердим эле. Талас облусунда төө буурчак өстүрүлүп жатканына 30 жыл болуптур. Бир дагы төө буурчак үрөн чарбасы жок", - дейт Бокоев.
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев чарба ачуу боюнча Түркия менен сүйлөшүү болуп, иш жүрүп жатканын айтты.
Мындан тышкары Бокоев Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киргенине 3 жыл болсо дагы эт, мал коңшу мамлекеттерге чыкпай жатканын эске салды.
Керималиев Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты.