Бүгүн, 24-январь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Жогорку Кеңеш транспорт жана жолдор министри кызматына Жанат Бейшеновдун талапкерлигин жактырды. Депутаттар бул жолу да өз репертуарында болушту. Тактап айтканда, талапкер эл өкүлдөрү берген суроолордун бирине да дурустап жооп кайтара алган жок. “Мен министрликке барайын”, “бул маалыматтан кабарым жок экен”, “эске алабыз”, “аракет кылабыз” деген сыяктуу жана башка жалпыланган жооптор менен чектелди. Ага карабай парламент талапкерге добуш берүүгө келгенде каршы добуш берген депутат болбоду.
Суроо-жооптун жүрүшүнө келсек, эл өкүлү Максат Сабиров министр кызматын мелжеп турган Жанат Бейшеновго жол куруудагы талаптар тууралуу суроо берип, бир да жооп ала алган жок. Мындай мисалдар бир сааттай созулган убакыттын ичинде бир канча жолу кайталанды. Атүгүл айрым депутаттар кандай окуядан улам Жанат Бейшенов министрлик кызматка келип жатканын эске салууга чейин барышты. Буга чейинки министр Жамшитбек Калилов 15-декабрда орун басары пара менен кармалганына байланыштуу отставкага кеткен. Депутат Улукбек Ормонов “эгерде ушундай окуя кайталанып калса, сиз да отставкага кетесизби?” деп Жанат Бейшеновго суроо салды. Ал “жоопкерчилик алам” деп жооп кылды. Ормонов андай кадамга барбоо керектигин кеңеш кылып, андан ары “ал адамды өзүңүз кызматка алып келсеңиз жоопкерчилик алсаңыз болот, министр жөндөн-жөн күйүп кетпеши керек” деди.
Дал ушуга байланыштуу суроону SUPER.KG порталынын кабарчысы президент Сооронбай Жээнбековго маалымат жыйында узаткан эле. Колуна 50 миң доллар, УКМКнын маалыматы боюнча жалпы 500 миң доллар пара алмак болгон Азимкан Жусубалиевди Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы өкмөт башчы болуп турганда транспорт жана жолдор министринин орун басарлыгы кызматына дайындаган. Арадан бир жыл өткөндө эле Жээнбеков кызматка алып келген кадр, өзү айткандай, “дүйнөгө шерменде кылып” ири суммадагы пара алууга шектелип кармалды. Жусубалиевди өзү кызматка дайындаганын унутуп калганбы, айтор, президент Коопсуздук кеңешинде министр Калиловду ордунан тургузуп алып "Мен болгондо арыз жазып, тергөө бүткүчө убактылуу кызматтан кетип турмакмын. Четтеп турайын деп арыз жазбайсыңарбы?" деп урушкан. Ошол эле Жээнбеков SUPER.KG порталынын кабарчысынын суроосуна "Мен анын андай киши экенин, пара аларын билген эмесмин. Билсем кызматка койбойт элем. Анын жетекчисинин уяты бар экен, "моралдык укугум жок" деп арыз жазып кетти" деп жооп кылган. Айтор, депутат Ормонов азырынча “жоопкерчилик алам” деп турган болочоктогу министрге “өзүңө сак бол” дегенсип, орун басарды дайындоо укугуна ээ өкмөт башчы, керек болсо, андан кийин президент болуп шайланган адам деле суудан кургак чыгып кетиши мүмкүн экенин кыйытты...
Соңку айларда ызы-чуусу бүтпөй жаткан Кыргыз циркинин директорлук кызматына Фархад Бекманбетов дайындалды. Эми Кыргыз циркинин жетекчилигине байланыштуу жаңжал жаңыча багытта уланышы мүмкүн. Анткени эмгек жамаатты чилденин күнүндө Ак Үйдүн алдына митингге алып чыккан талап орундалбады.
Өткөн жылдын ноябрь айында цирктин жетекчилиги менен кызматкерлеринин пикир келишпестиги Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлгөн. Бул окуядан кийин 2004-жылдан бери башкарып келген Курмангазы Исанаев кызматтан кеткен. Бош калган орунга маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталып жатканы айтылган. 21-январда цирктин эмгек жамааты жетекчилик кызматка Аида Акматованы дайындап берүүнү талап кылышып, Ак Үйдүн маңдайына митингге чыгышкан эле. Эки күндөн кийин цирктин 35 кызматкери жумуштан кетүүгө арыз жазып, аны менен кошо түрдүү сынак жана фестивалдардан жеңген сыйлыктарын көтөрүп алып, Маданият министрлигине келишти. Мындай аракет менен алар Аида Акматованын директорлук кызматка дайындалбай жатканына нааразычылык билдиришкен. Бүгүн министрдин дайындоосун уккан 35 кызматкердин бири Бегалы Мурзалиев арыз жазгандардын баары жумушка чыкпаганын айтты. "Бекманбетов менен иштешкенден көрө базарга барып араба түрткөнүбүз оң болуп турат", - деди Мурзалиев. Нааразычылык бул гана эмес. Митингге чыккан цирктин кызматкерлери Фархад Бекманбетовду сотко бермек болуп жатышат. Алардын айтымында, Бекманбетовдун цирктин азыркы абалга келишине кызматкерлеринин да тиешеси бар деп айткан пикири себеп болууда. Бирок циркке байланыштуу жогорудагы ызы-чуунун баары да бул эмес. Бүгүн интернетке отко май тамызган аудио тарады.
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун үнүнө окшош кишинин аудиодо “Мен аларды көндүрүүгө аракет кылам. Азыр сүрөмөлөп баштасам анда жаман ойлоп калышат. Министр да ушул ишке барган турбайбы дешет” дегенин угууга болот. Бул боюнча Азамат Жаманкулов аудиодогу үн аныкы эмес экенин жана бул Бекманбетовго каршы тараптын иши болушу мүмкүн экенин айтты.
Мунун баары эмнеден кабар берет? Мамлекеттик кызматтардын чоң жана майда экендигине карабай, акыркы учурда дайындоолор ызы-чуулар менен коштолууда. Тээ Акаевдин тушунда дайындалган директордун креслосу үчүн Бакиев, Отунбаева, Атамбаевдин да кезинде керек болбой, Жээнбековдун бийлигинин тушунда кызыл чеке талашка түштү. Фархад Бекманбетов парламенттик шайлоодо "Ата мекен" партиясынын тизмесинде депутаттыкка талапкер болгон жана Садык Шер-Нияздын кадры катары таанымал. Андыктан Бекманбетовдун кызматка келүүсү - бул лидери абакта отурган "ата мекенчилерге" айрым кызматтар берилип, алардын ичинен ыдыратуу аракети башталды дегенди билдирбейби?..