Депутат Гаипкулов: "Алимент төлөөдөн качкан аталардын, сот аткаруучулардын эшигин сагалаган энелердин саны көбөйдү"

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Талкууда депутат Искандер Гаипкулов акыркы учурда ажырашкан үй-бүлөлөр көбөйүп жатканын айтты.

"Алимент төлөөдөн качкан аталардын саны көбөйүп жатат. Сот аткаруучулардын эшигин сагалаган энелер көбөйдү. Балдары үчүн алимент төлөбөй качып жүргөндөргө кандай чара көрүп жатасыңар?" - деди эл өкүлү.

Сот департаментинин директору Рустам Ибраимовдун айтымында, учурда статистикалык маалымат боюнча алимент төлөөдөн качкан 2731 адамга издөө жарыяланган.

Кыргыз мамлекети боюнча жалпы 41 миң 843 эне баланын атасынан алимент төлөтүп алуу үчүн расмий түрдө кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asman.81
2019-01-24 17:40:16
Азыр эле телевизордон депуттатын суроосуна Курсан Асанов оозу мурду кыйшайбай 230 дөй ата качып журот деди эле ,бул жерде 2731 деп журот.Алименттин акчасын кобойтуп,качкан аталарга катту жаза киргизуу керек.Азыр кукук аталар көбөйгон заман болуп калбадыбы !
+5
my_Opinion
2019-01-24 17:57:54
Азыр болбогон нерсеге ажырашып алимент алган кыздарда коп.эркектерге эле жазасын кобойто бервей кыздаргада чара коргуло азыркы кыздар ажырашсам не болуптур Москвага барып боп кетем деп коп кыздар ажырашып кетип атышат.эркеке эле кыйын алимент толоп же за граница чыга албай.ажырашууну азайтууну ойлосонор кыздаргада бир минус боло турган чарасын колдонгула.ошондо кыздарда уйдо олтуруп эч жака кетпей ажырашуу азайат.
-3
Feiza1982
2019-01-24 19:18:37
Ушундай балдарын таштап уй булөөсүн бакпай кеткен аталарга каттуу чара көрүлсө мүмкүн ажырашуу саны азаймак.
Түрүккө штраф салбай ушу ата сөрөйлөргө штраф салгыла! !!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан