Ысык-Көлдө мектеп окуучусу асынып каза болду. Аны өлүмгө милиция кызматкери түрткөн деген маалыматтар боюнча кызматтык иликтөө башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 15 жаштагы мектеп окуучусу асынып каза болду. Маалыматты облустук милициянын басма сөз кызматы тастыктады. Басма сөз кызматы кабарлагандай, окуучунун өз жанын кыюусуна андан милиция кызматкери опузалап акча талап кылгандыгы түрткү болгон деген маалыматтар тараган.

"Маркум өспүрүмдүн жакындары анын өлүмү боюнча милицияга кайрылган эмес. Бирок жогорудагы маалыматтар тарагандан кийин Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгында кызматтык иликтөө башталды. Бүгүн бала жерге берилди. Учурда милиция кызматкерлери баланын туугандары, мектеп мугалимдери менен иштеп жатат. Абал толук иликтенет", - деп билдирди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munduz2016
2019-01-25 17:21:03
Өкүнүчтүү
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан