23-январда Кубан Абылкасымов аттуу Кыргыз жараны 37 жаштагы кыргыз аялдын сүрөтүн интернетке жарыялап, жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Абылкасымовдун айтымында, сүрөттөгү аял Орусиянын жараны. Паспортунда аты-жөнү Абдылдаева Гүлнура Сүйөркуловна деп жазылган.
Кубан Абылкасымов жакындары изделип жаткан Абдылдаевага байланыштуу аны таанып-билгендер тарабынан жаңы маалыматтар келип жатканын SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, Гүлнура Абдылдаева бир канча жыл мурун Орусияга иштөө үчүн апасы менен Чүй облусунан барган экен.
Назима аттуу интернет колдонуучу Абылкасымовдун дарегине жиберген маалыматта Абдылдаеванын Москва шаарында жүргөнүнө бир топ жыл болгону жазылган. Анда Гүлнура Назима иштеген дүкөнгө 2013-жылы жумуш сурап келип, дүкөндүн сүт азыктар сатылган бөлүмүнө жумушка орношкон.
"Бирок эс-тутуму ошондо эле начар болчу. Азык-түлүктөрдү кайсы жерге койгонун бат эле унутуп койчу. Бир бутун сылтып басчу. Ошентип бат эле жумуштан чыгып кеткен. Паспортумду жоготуп албайын деп аябай коркчу. 2016-жылыбы же 2017-жылыбы кайра эле ошол дүкөнгө жумуш издеп келген. Мен таанып калып "кайда иштеп жүрдүңүз?" деп сурасам, бир туруп "Кыргыз өлкөсүнөн жөө келдим" десе, бир туруп "Царицыно метросундагы ооруканага жатып чыктым" деген. Дагы бир туруп "апам сендей кызым жок деп кубалап жиберди" деп айткан", - дейт Назима өз билдирүүсүндө.
Дагы бир Гүлзат аттуу интернет колдонуучу Гүлнур Абдылдаева Москва облусунун Мытищи шаарындагы Назира аттуу аялдын үйүндө жашап жүргөнү боюнча маалыматы бар экенин билдирген. "Мытищиде Назира деген эженин үйүндө жашап жүргөнүн билем. Кийин Москва шаарына барам деп кеткен", - деп маалымат берген.
Кубан Абылкасымов ушул сыяктуу дагы башка маалыматтар келгенин, анда Абдылдаева Орусияга апасы менен кошо баргандан кийин турмушка чыкканы да айтылган. Гүлнураны мындан 3-4 жыл мурун жолдо өтүп бараткан такси сүзүп кетип, башына операция жасалган деген маалыматтар келген. Ошондой эле кырсыктан алган жаракатынан улам таяк менен басып, эс-тутуму начарлап кеткенде жолдошу жана өз апасы таштап кеткени да маалымдалган.
"Ата-энеси бир топ жыл мурун ажырашып кетип, Абдылдаева апасы менен Москвага келген экен. Бул жакка келгенден кийин ал турмушка чыгып, кыздуу болгон. 3-4 жыл мурун такси сүзүп кетип, башына операция жасалыптыр. Ошол учурдан бери эс-тутумун жоготуп, балдак менен басат экен. Ал эми жолдошу Абдылдаеваны таштап, аны карап жүргөн курбусуна үйлөнүп алган. Өз апасы дагы таштап кеткени боюнча маалыматтар айтылып жатат. Абдылдаеванын бара турган жери жана жардам берер кишиси жок. Ал азыр Москва облусундагы Дзержинский шаарындагы реабилитациялык борбордо жатат. Айрым маалыматтарга караганда, ал Москвага келгенге чейин Чүй облусунун Беловодск айылында жашаган. Ал эми Аламүдүн районунда бир тууган агасы жашайт экен. Азырынча байланышка чыга элек", - деди Абылкасымов.
Абылкасымов коомчулукка кайрылып, Гүлнура Абдылдаевага жардам берүүгө чакырууда.