Орусиянын Новосибирск шаарында Кыргыз өлкөсүнүн башкы консулдугу түзүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарланды. Ага ылайык, башкы консулдуктун округу Орусиянын Алтай Республикасынын, Алтай крайынын, Кемерово, Новосибирск, Омск жана Томск облустарынын аймактарын камтыйт. Башкы консулдукту түзүү жөнүндөгү жарлыкка президент кол койгон.
"Ошол эле учурда жогоруда аталган аймактар Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдугунун консулдук округунан чыгарылды. Екатеринбург шаарындагы башкы консулдуктун филиалы Новосибирск шаарындагы вице-консулдук жабылды.
Новосибирск шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулдук округу өлкөнүн Орусиянын аймактары менен ар тараптуу байланыштарын активдештирүү жана өнүктүрүү, экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Орусиядагы жарандарын консулдук тейлөө максатында түзүлдү", - деп жазылат маалыматта.