Оор эмес кылмыш жасаган жарандарды камакка алуунун ордуна коомдук жумуштарга тартуу жүргүзүлөт

Бүгүн, 24-январда парламенттин жалпы жыйынында "Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда кабыл алынды.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында дагы каралган.

Өлкөдө пробация институту иштеп башташы мүмкүн. Мындай пикирин жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

"Өтө оор эмес кылмыш жасаган жарандарды камакка алуунун ордуна коомдук жумуштарга тартуу жүргүзүлөт. Учурда тоок уурдагандар да соттолуп кетип жатат. Аларды соттобостон, түзөтүү, коомдук жайларды тазалатуу сыяктуу мамлекеттик мекемелердеги жумуштарды жасатуу керек.

Пробация боюнча иштеген кызматтарда психологдор менен социалдык кызматкерлер иш алып барат. Абакта жаткандардын мөөнөтү бир жыл калганда пробация институтунун көзөмөлүнө алынат. Анткени абактан чыккан жарандардын көбүнүн паспорту жок, каякка барарын билбейт. Ар кайсы жерге кагылып-согулуп жүрүп, кайрадан кылмышка барат. Ошондуктан пробация институтунун кызматкерлери тарабынан абактагы жаза мөөнөтү аяктап калган жарандардын документтери боюнча тийиштүү уюмдар менен иш жүргүзүп, жакын туугандары менен байланышты жандандырып берет", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан