УКМК: "Улуттар аралык кастыкты козутуу максатында видео тараткан Кыргыз жараны Орусияда экени аныкталды"

Өзбекстан Республикасынын аймагында жаштардын тобун токмокко алып жаткандыгы тууралуу видеону тараткан жарандын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу 24-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

"1992-жылы Жалал-Абад облусунда туулган О.Эдил аттуу жаран улуттар аралык кастыкты козутуу максатында видеону тараткан. Ал учурда Орусиянын аймагында экени такталды. Аталган факт кылмыштар реестерине катталды. Видеону атайын тараткан жаран кармалганда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
romaantik
2019-01-25 00:22:47
Ушундай эл бузарларга катуурак жаза бериш керек. Кайра мындай кайталанбашы үчүн. Жок жерден чагым жаратып эмне пайда табасын тушунбойсун киши
+2
33SUUN
2019-01-25 01:09:23
Ал бала россиянын фсб тарабынан кармалды.
+1
Maks_shop
2019-01-25 03:22:18
Мага дагы келди ушул видео
0
patiydin
2019-01-25 05:11:40
Maks_shop,Ал видео кандай аталышта?
0
Maks_shop
2019-01-26 03:02:32
patiydin,эки баланы катуу сабап салышыптыр
0
Chungyz
2019-01-25 03:26:33
Мага дагы
0
titanik32
2019-01-25 05:49:17
Бул видео фейсбук тармагында жүрөт,мен ИИМ менен УКМКга кулак кагыш кылгам кастыкты козуткан адамды таап өз жазасын алсын деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан