Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңеште аудитордук иш жаатындагы көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
"Аудитордук иш жөнүндө" жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталууда.
Депутат Гүлшат Асылбаеванын айтымында, аталган мыйзам долбоору аудитордук уюмдарга талаптарды күчтөндүрүү, аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык аудитордук текшерүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган. "Азыркы учурда 112 аудитордук уюмдар жана 33 жеке аудиторлор иштеп жатат. Кыргыз мамлекетинде аудитордун сертификатына ээ болгон 407 аудитор бар, алар жеке аудитор катары да эмгек келишимдеринин негизинде иштеп жатышат", - деди ал.
Мыйзам долбоору аркылуу өлкө аймагында аудитордук ишти жүзөгө ашырууга бирдей талапты камсыз кылуунун, аудит жүргүзүүдө аудитордук кызматтын сапатына натыйжалуу көзөмөлдү ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүнүн зарылдыгын эске алуу менен, аудиторлордун бир нече уюмдарда кызмат көрсөтүү практикасын жокко чыгаруу сунуш кылынууда.