Орусияда жакындары изделип жаткан Гүлнура Абдылдаева аттуу кыргыз аялдын апасы табылды. Аты-жөнү Айна Сактарова.
Ал 24-январь күнү кечинде SUPER.KG'ге Орусиянын Москва шаарынан байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын айтып берди. Анын билдиришинче, кызы Гүлнура Абдылдаева турмушка чыгып, 2007-жылы кыздуу болгон. 2009-жылы Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде унаа сүзүп кетип, башына операция жасалган.
"Гүлнура Абдылдаева менин кызым. Ал 15 жыл мурун Орусияга келген. Ал учурда мен Кыргыз өлкөсүндө жашап, Бишкектеги ооруканалардын биринде иштечүмүн. Бул жакта жолдошу менен жашап жүрүп, 2007-жылы кыздуу болушкан. Бирок 2009-жылы Москва шаарынан унаа сүзүп кетип, катуу жабыркаган. Ошондуктан мен кызыма жардам берүү үчүн Москвага келгем. Алган жаракатынан улам кызымдын башына операция жасалган. Жол кырсыгынын кесепетинен анын эс-тутуму начар болуп калган. Кырсыкка кабылгандан көп өтпөй эле жолдошу кызымдын эң жакын курбусуна үйлөнүп, неберемди өзү менен кошо алып кетип калды. Азыр неберем Кыргыз өлкөсүндө чоң-ата, чоң-энесинин колунда. Жолуга албай жүрөм.
Ал эми мен кызымды таштап кетип же үйдөн кууп жиберген эмесмин. Өзүм улгайган кишини карап, тапкан каражатым менен кызымды багып келгем. 3 жыл мурун үйдөн чыгып кетип ошол бойдон кайтып келген жок. Издеп таба албай аябай санааркап жүрдүм. Жакын арада Орусиянын "Жди меня" телеберүүсүнө кайрылып, кызымды табууга жардам берүүлөрүн суранайын деп жүргөм. Бишкекте жашаган уулум кечээ кызымдын жакындары изделип жатканын окуп калып мага кабарлады. Бүгүн кызымдын сүрөтүн интернетке жарыялаган Кубан Абылкасымов менен байланышып толук маалымат алдым. Жакынкы арада кызыма барам. Кудай буюрса, жазында Кыргыз өлкөсүнө алып кетебиз", - деди Сактарова.
Сактарова кызынын жол кырсыгына кабылганы боюнча сотко кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын кошумчалады.
23-январда Кубан Абылкасымов аттуу Кыргыз жараны 37 жаштагы кыргыз аялдын сүрөтүн интернетке жарыялап, жакындарын табууга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган. Абылкасымовдун айтымында, сүрөттөгү аял Орусиянын жараны. Паспортунда аты-жөнү Абдылдаева Гүлнура Сүйөркуловна деп жазылган. Бир күн убакыт өтпөй Абылкасымовдун дарегине Абдылдаевага байланыштуу аны таанып-билгендер тарабынан маалыматтар келип баштаган.