"Кыргыз темир жолунун" директору: "Жүк ташуучу вагондордун эскилиги жетип, 52 пайызы иштен чыгып калды"

Жүк ташуучу вагондордун эскилиги жетип, 52 пайызы иштен чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында “Кыргыз темир жолу” ишканасынын директору Канатбек Абдыкеримов билдирди.

“Жүк ташуучу вагондор жетиштүү эмес. Балыкчыдан Бишкекке көмүр ташуу иштери жүрүп жатат. Камсыздоо жумушун өткөрүп жатабыз. Жүк ташуучу вагондорду алуу үчүн банктар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Жүк ташуучу вагондордун эскилиги жетип, 52 пайызы иштен чыгып калды”, - дейт Абдыкеримов.

Жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарып жаткан иштерин жана планын кароо маселеси каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslan_92kg
2019-01-25 11:33:48
Ал , ал бул сага Эмне танка же машина беле вагон экенго. озубуз жасасак болбойбу. Мумкунчулук тузулсо кыла тургандар чыкмак.
+2
bond02
2019-01-25 11:42:08
Сол чонтокко азыраак салып убагында тех кароодон откоруп турсанар иштей бермек.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан