Парламентте 2018-жылы ашыкча жүк үчүн салынган айып пулдан 9 миллион 114 миң сом түшкөнү айтылды

2018-жылы ашыкча жүк үчүн салынган айып пулдан 9 миллион 114 миң түшкөнү айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Автомобиль, суу транспорту жана салмак габариттик көзөмөл агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов билдирди.

Депутат Абдыкапар Султанов өлкөдө жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген канча тараза иштей турганын, бир жылда канча айып пул салынганын сурады.

Бекмуратовдун айтымында, 17 тараза бар экенин айтты. “2017-жылы 4 миллион 455 миң сом, 2018-жылы 9 миллион 114 миң сом түштү”, - дейт ал.

Депутат: “Кээ бир адамдарга транспорт жана жолдор министринин орун басары болосузбу деп сураса “жүк ташуучу унаалардын салмагын текшерген таразада иштейин” деп айтышат. Оор жүк ташыган унаалар ашыкча жүк менен жүрүп жатышат. Мындан улам жолдор бузулууда. Бир күндө Сосновкадан 500-600 жүк ташуучу унаа өтөт, анын 70 пайызы ашыкча жүк менен өтүшөт экен”, - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AIA-TOO
2019-01-25 12:47:07
Бюджетке түшүрө койбой эле илип кеттида илгичи бар, голустукчан, костюм-шым кийиген современный уурулар.
+1
BarsBaatyr
2019-01-25 13:19:47
Коррупцияны жок кылса миллиард түшөт
+1
munduz2016
2019-01-25 16:44:17
сизиң-бизиң менен өтө берет грузовиктер...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан