Бүгүн, 25-январда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысынан эмнеге 4 жарым жылдан бери статс-катчынын милдетин аткаруучу болуп иштеп жатканын сурады.
Эрмек Мамыркалиев мурунку статс-катчы соттук иштери менен жүргөнүн айтты. “Жайында соттук иштери бүтүшү керек эле, бирок иш биринчи соттук инстанцияга өтүп кеткен”, - дейт Мамыркалиев.
Депутат Мирлан Бакиров “дүйнө жүзү боюнча эң көп убакыт статс-катчынын милдетин аткаруучу болуп сиз иштесеңиз керек” деди.
Учурда жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин аткарып жаткан иштерин жана планын кароо маселеси каралып жатат.