Борбор Азиядан келген мигранттар Орусия аймагында кысымга кабылууда. Мындай пикирин орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев SUPER.KG'ге 25-январда билдирди. Анын айтымында, Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жана маршруттук таксинин жарылуусуна тиешеси бар деп шектелген адамдарды кармоо жакынкы убакыттан бери күч алды. Алар менен бирге Хусниддин Зайнобиддинов аттуу Кыргыз жараны да кармалып, учурда Магнитогорсктогу №2-тергөө абагында жатат. Бахром Хамроев анын укугун коргоп, эл аралык уюмдарга кайрыла турганын белгиледи.
"Зайнобиддинов 16-январь күнү эртең менен үйүнөн чыгып бараткан учурда Магнитогорск шаарында Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып кеткен. Аялынын айтып бергенине караганда, ал жерде Зайнабидиновго сакалчан адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, алар кимдер экенин сурашкан. Зайнабидинов сүрөттөгү адамдарды буга чейин көрбөгөнүн, таптакыр тааныбай турганын айткан. Бирок укук коргоо органынын кызматкерлери анын үстүнө кирпич тизип электр тогу менен урдурушкан. Эси ооп калганда үстүнө суу куюп, эсине келгенде кайра кыйнашкан. Кийин аны Орджоникидзе райондук прокуратурасына алып барып, ал жерде Кыргыз өлкөсү тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, кармалганы боюнча протокол түзүлгөн. Андан соң сотко алып барылып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда биз ага юридикалык жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы аралыкта камактан чыгаруу боюнча эл аралык уюмдарга да кайрылабыз", - деди Хамроев.
Хусниддин Зайнобиддинов Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну. Айрым маалыматтарга караганда, ага Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан 2010-жылы Июнь окуясын уюштурууга тиешеси бар деп издөө жарыяланган.